Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 8-майда түнү Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын Таштак айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 01:37де Ноокен райондук №55 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 02:37 де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен улам бир киши каза болду. Учурда каза болгон жарандын аты-жөнү такталууда", - деп айтылат маалыматта.