Бүгүн, 8-майда актриса Айгерим Саматованы жаңы төрөлгөн ымыркайы менен жолдошу, жакындары биргеликте төрөт үйүнөн чыгарып кетти. Жубайлар ата-энеси менен макулдашып ымыркайга Малика деген ысымды ыйгарышкан.
SUPER.KG порталы адаттагыдай эле жубайлардын жакшылыгына ортоктош болуп, кубанычын тең бөлүшүп кайтты.
Эске салсак, актриса Айгерим Саматова өткөн жылдын август айында Мадияр аттуу мырзага турмушка чыккан.
Видеону толугу менен төмөндөгү ссылка аркылуу кирип көрүңүз.