Рысбай Исаков дүйнөлүк айтуучулар фестивалында 1-орунду ээледи (видео)

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, "Гиннесстин рекорддор китебине" 124 саат манас айтып катталган Рысбай Исаков Өзбекстандын Гүлистан шаарында өткөн дүйнөлүк айтуучулар фестивалында 1-орунду ээледи. Манасчыны жеңиши менен куттуктап байланышка чыктык.

"Жалпы айтуучулар сынагына 50 мамлекет катышты. Япония, Корея өлкөлөрүнөн келишип, ар бир мамлекет өздөрүнүн эпосун айтып жатты. Калыстар тобунун курамы корей, казак, өзбек улутундагы адамдардан түзүлүптүр. Бизден эч ким жок экен.

Ал эми жеңиш тууралуу айтсам мен үчүн күтүүсүз болду. Жадакалса 2-3-орунду ким алганын билбей калыптырмын. Эң кызыгы жергиликтүү эл айтуучуларды бакшы деп аташат экен", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Рысбай Исаков 1-орунду ээлегени үчүн 2 500 доллар, диплом жана статуэтка менен сыйланган.

Манасчы Рысбай Исаков Өзбекстанда өткөн дүйнөлүк айтуучулар фестивалында 1-орунду ээледи 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан