Бүгүн, 9-майда Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы баланы издөө иштери уланат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, издөө иштери кечээ түн кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.
Эске салсак, кечээ, 8-майда Чоң Чүй каналына 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу бала түшүп кеткен. Издөө иштерине 28 куткаруучу, анын ичинен 7 суучул тартылган.