Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы тастыктады.
"Бүгүн, 9-майда саат 09:30да Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылып туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 8-майда Чоң Чүй каналына 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу бала түшүп кеткен. Издөө иштерине 28 куткаруучу, анын ичинен 7 суучул тартылган.