Балбан Мээрим Жуманазарова ата-энесине автоунаа жана батир белек кылды. Маалыматты SUPER.KG порталына балбан кыздын сиңдиси Сезим Жуманазарова тастыктады.
"Ата-энебизди Дубайга эс алууга жөнөткөн элек. Алардын келишине сюрприз кылып Мээрим эжем атама Toyota RAV 4 үлгүсүндөгү автоунаа, ал эми апама бир бөлмөлүү батир белек кылды", - дейт ал.