Жеңишбек Жумакадыр: "Туулган күнүмдү майрамдабасам деле майрамдалып жатат" 

Бүгүн, 9-майда белгилүү төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр 46 жашка толду. Кыргыз эл акынын өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда жаңы эле Москвадан келгенин айтты.

"Куттуктоо үчүн рахмат. Негизи туулган күнүмдү майрамдабасам деле майрамдалып жатат (күлүп).

Өздүк майрамымды дүңгүрөтүп деле майрамдабайм. Биринчилерден болуп алтыным апам куттуктады, андан кийин үй-бүлөм, группалардан куттуктоолор келип жатты. Баарын ачып окуганга үлгүрө элекмин. Себеби Москвада "Ыйман кечесинде" алып баруучулук милдетти аткарып, жаңы эле өлкөгө кайтып келдим", - дейт ал.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадыр 1977-жылы Нарын районунун Эмгекчил айылында төрөлгөн. Ал мектепте эле ыр жазып жүргөн. Тилекке каршы, төкмө акын 7 жашында атасын жоготуп, чоң атасынан тарбия алган. Чоң атасы акынды 9-классты аяктагандан кийин Нарындагы ПТУга окууга тапшырткан. Эки ай окугандан кийин обончу Керезбек Тургуналиевди жолуктуруп, аны менен Нарын театрына барып ырдап, театрдагыларга жагып, 15 жашында паспортунун жоктугуна карабай келишимдик негизде жумушка орношкон.

СССРдин Эл артисти Капар Медетбеков баштаган Сейитказы Андабеков, Бакирдин Алиев өңдүү залкарлардын мектебинен өткөн. Жеңишбек Жумакадыр төкмө акындык өнөрүн алгачкы жолу 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн бир жылдыгына арналган, Бишкектеги аскерлер арасында чыгармачылык жарышында билген. Ал жарышта баш байгени жеңип алган.

Ошол эле жылы Бишкекке Табылды Актанов менен айтышка келип, айтыштан биринчи орунду ээлеген. Андан кийинки ири айтыштарда баш байгелерди алып, бат эле элге комузу жок жөө акын катары таанылган. Андан соң Ашыраалы Айталиев өзүнүн комузун карматып, Ташкентке Тууганбай Абдиев менен кошуп жиберген. Ошондон баштап комуз менен ырдап калган. Акын Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку окуу жайын бүтүргөн. Жеңишбек Жумакадыр актёрлук кесипке ээ болгону менен Хан Жантайдын ролун гана ойногон.

Төкмө акын 2016-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алган.

Ал эми 2022-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамы ыйгарылган.

Төкмө акын болочоктогу жубайы Нүргүл айым менен 17 жашында вокзалдан таанышып калып баш кошушкан. Бул тууралуу ал маектеринин биринде "1994-жылы Нарын театры Кочкор, Жумгал, Токтогул аркылуу Ош шаарларын кыдырып концерт бермей болду. Уюштуруу иштерин Кубан Алимов экөөбүзгө тапшырышкан. Экөөбүз командировкага берген акчаны жок кылып коюп, урушуп баштадык.

Вокзалга келсек Кочкорго автобус туруптур, аларга "байкелер, биздин акчабыз жок, ала кеткиле" деп бир нерселерди айтып күлдүрдүп, жамактап тийишип койдук эле, макул деп салып алышты. Ичинде эки кыз өзүнчө отуруптур. Кубан аларга тийишип баштаганда "бул жигиттин аялы, эгиз кызы бар, мен бойдокмун" деп кыздардын жанына отуруп алдым. Жанымдагы кыз жумгалдык экен. "Гастролго кетип жатабыз, мен сени Нарындан таап алам" деп тамашалап, дарегин алып калдым. Ошентип гастролдор бүтүп Нарынга келип айткан сөзүмө туруп болочоктогу келинчегимди издеп таап, 17 жашымда үйлөндүм", - деп айтканы бар.

Белгилей кетсек, жубайлардын ортолорунда 3 кыз, 2 уулу бар.

9-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан