Норвегиялык футболчу Эрлинг Холанддын атасы Альфи Холандды Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттешинин алкагындагы "Реал Мадрид" - "Манчестер Сити" беттешинде стадиондон кубалашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал стадиондун VIP зонасында отуруп, мадриддик клубдун күйөрмандарына тамак-аштын калдыктарын ыргыткан. Ал ошондой эле күйөрмандарды жаман сөздөр менен сөккөн. Мындан улам күйөрмандар Альфи Холандды стадиондон кубалашкан.
Жыйынтыгында ал күзөтчүлөрдүн коштоосунда оюн бүтө электе эле стадиондон чыгып кеткен.
Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул эки команданын жооптук оюну 17-май күнү Манчестер шаарында өтөт.