"Эшик ача албай калдык". Военно-Антоновка тургундар таштанды полигонун жабууну талап кылышууда

Сокулук районундагы Тынчтык конушунун тургундары Военно-Антоновка айылындагы таштанды полигонунун жабылышын талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылганда билдиришти.

"Военно-Антоновкадагы таштанды полигонунан чыккан түтүн айылдын өзүн жана Тынчтык конушун каптап жатат. Таң атканча уу түтүн менен дем алабыз. Буга бийлик тараптан чара көрүлүп, полигонду жапса өтө жакшы болмок" дешет.

Ошондой эле таштанды полигонунан чыккан түтүндөн улам эл эшик-терезесин ача албай калганына даттанышты. Мындан тышкары полигондун аймагы улам кеңейип жатканын кошумчалашты.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Видео
Сокулуктуктар таштанды полигонун жабууну талап кылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан