Ошто тургун 6 жыл мурун курал уурдаганы үчүн кармалды

Ош облусунда 6 жыл мурун курал уурдаган жаран кармалып, кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы декабрь айында Ж.З. аттуу жаран Ноокат районунун Кожо-Арык айылындагы үйдөн ага таандык "ТОЗ-34" 12 калибри менен "Сайга МК" 7,63/39 калибриндеги ок атуучу куралын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча 2018-жылы 5-январда Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүүлөр кармалбагандыктан козголгон кылмыш иши өндүрүштөн убактылуу токтотулуп, кылмыштын бетин ачууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү улантылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2023-жылы 1-апрелде Ноокат районунун аймагында ок атуучу куралды сатуу максатында жүргөн жаран боюнча маалымат алынган.

Аталган маалымат дароо маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы алынган маалыматтардын негизинде 2023-жылы 2-апрелде Баткен облусунун тургуну 46 жаштагы О.Р. үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, кара түстөгү магазини жок "САЙГА-МК" үлгүсүндөгү ок атуучу курал алынган.

Тиешелүү экспертизадан соң алынган курал 6 жыл мурда уурдалган ок атуучу курал экендиги далилденген.

Кылмышка шектүү катары Ноокат районунун тургуну 21 жаштагы Б.Ж. аттуу жаран кармалган. Шектүү 6 жыл мурун ок атуучу куралды уурдап, Баткен облусунун тургунуна сатып жибергени аныкталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан