
Ош шаарында өзгөчө оор кылмышты жасоого шектүү изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өзгөчө оор кылмыш жасоого шектүү болгон 31 жаштагы Ш.А. кылмыш болгон жерден чыгып, унаа тосууга кетип бара жатканда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, аталган шектүү жаран Ош шаарындагы Земляничная көчөсүндө жашаган 41 жаштагы таанышы А.Р.нын үйүнө конокко келип, бир нече бөтөлкө спирттик ичимдиктерин ичишкен соӊ үй ээси менен чырдашып, мушташа кетишкен. Натыйжада шектүү үй ээсин уруп, андан соӊ балта менен чаап өлтүрүп койгон. Окуя 6-май күнү саат 03.00 чамаларында болгон.
Учурда адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү соттун чечими менен абакка киргизилди.