Бишкектик спортчулар Казакстанда өткөн "Gran Fondo Giant Kazakhstan" эл аралык веложарышта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, веложарышка 200 дөн ашуун анын ичинде Кыргызстандын спорт мектебинен 6 велоспортчу катышты.
Жыйынтыгында эркектер арасында Александр Дядичкин 2-орунду жана жалпы эсепте 3-орунду ээледи. Кыздар арасында Евгения Березовская 2-орунду ал эми жалпы эсепте 3-орунду жеңип алган.
Белгилей кетсек, мелдештер ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу, катышуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, велоспортту өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өткөрүлөт.