Коңшу Өзбекстандын Самарканд облусунда газ менен камсыз кылуучу ишкананын жанында жайгашкан май куюучу станцияда катуу жарылуу болду. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.
Пахтачый районундагы май куюучу жайдан кечээ, 9-май күнү кечинде катуу өрт чыгып, ал жарылууга алып келген. Жарылуунун видеосу социалдык тармактарга тарады.
Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт тууралуу билдирүү 9-майда саат 21:25те келип түшкөнүн билдирди. Окуя болгон жерге 5 өрт-куткаруу тобу жөнөтүлүп, саат 22:30да өрт чектөөгө алынып, саат 23:00дө толук өчүрүлгөн. Май куюучу жайда чыккан өрттөн үч Isuzu унаасы жабыркаган.
Болжол менен окуя MAN автоцистернасынан запастагы цистернага газды агызып жатканда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам болгон. Алдын ала маалымат боюнча, бир адам жабыркаган.
Учурда окуянын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.