
Сүлүктүдө социалдык желеден тыюу салынган экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, интернет сайттарында диний экстремисттик жана террористтик үгүт материалдарды жайылтып жүргөн Сүлүктү шаарынын 32 жаштагы тургуну А.Г. кармалды. Ал 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Өзбекстан исламий кыймылы" ошол эле (Түркстан ислам партиясы) диний экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.