Баткенде аткезчилик жүктөрдү жашырууга аракет кылган жарандар милиция менен УКМКнын кызматкерлерине кол салып, анын кесепетинен 2 милиция ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.
Белгиленгендей, УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы Чек ара кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Кара-Бак айылындагы үйлөргө тинтүү жүргүзүшкөн.
Натыйжада Ж.Д. аттуу 34 жаштагы жарандын үйүнөн аткез жол менен алып келинген, акциздик маркасы жок болжолдуу баасы 1 миллион 800 миң сомдук 18 миң куту тамеки табылган.
Товар боюнча протокол түзүлүп жатканда, ошол үйдө турушкан Ж.Д., Ж.Я., Ж.Ж. милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүп, кол көтөрүшкөн.
Бул фактынын негизинде Баткен райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин 2-бөлүгү (бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) менен иш козгоп, Кара-Бак айылынын жогоруда аталган 3 тургунун тергөө абагына камакка алган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.