Ырчы Шакира менен актёр Том Круз мамиледе экени айтылды  

46 жаштагы ырчы Шакира менен 60 жаштагы актёр Том Круз мамиледе экенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Шакира менен Том Круз "Формула-1" эл аралык автожарыш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын Майамидеги Гран-присине чогуу келип, папараццилердин сүрөткө тартып жатканына эч кандай каршылык көрсөткөн эмес.

Мындан улам ырчы менен актёр мамиледе деген маалыматтар тараган. Мындай сөздөрдүн келип чыгуусуна дагы бир себеп бар. Актёр Шакира менен аталган иш-чарага баруу үчүн Карл III`түн таажы кийүү аземине барган эмес. Ал эми жылдыздар бул боюнча эч кандай комментарий берише элек.

Белгилей кетсек, ырчы Шакира менен футболчу Жерар Пике 2022-жылы 2-июнда ажырашып кетишкен. Буга футболчунун ырчынын көзүнө чөп салгандыгы себеп болгон. Экөөнүн ортосунда Милан жана Саша аттуу уулдары бар.

Ал эми Том Круздун актриса Николь Кидмандан Коннор Энтони Круз аттуу уулу жана Изабелла Жейн Круз аттуу кызы бар. Алар 2001-жылы эки жолго түшкөн. Андан сырткары 2012-жылы ажырашып кеткен жубайы актриса Кэти Холмс экөөнүн ортолорунда Сури Круз аттуу кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан