Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында 42 жаштагы аял мамиле куруп жүргөн жигитин уруп-сабоого айыптады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, шаардык милицияга 42 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал арызында ушул жылы 20-февралга караган түнү сүйлөшүп жүргөн жигити уруп денесине залал келтиргенин билдирген.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 32 жаштагы К.А. аттуу тургуну кармалган. Ал Токтогул районунан кармалып келип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.