Бокс боюнча дүйнөнүн учурдагы чемпиону, Кыргызстанда туулуп өскөн мушкер Дмитрий Бивол Ташкентте өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыккан Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине реакция жасады.
"Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи медалы. Жок дегенде коло бар”, - деп жазды Бивол социалдык тармактагы баракчасына.
Кечээ, 10-майда кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалда тажикстандык Асрор Вохидов менен беттешип, эки бөлүктө жеңишке жеткен. Муну менен кыргыз мушкери бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Бул жок эле дегенде коло медаль бар дегенди билдирет.
Бул Кыргызстандын тарыхындагы бокс боюнча Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы медаль.