Бишкекте 13 жаштагы Айсезим 15 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Сокулук районунда дайынсыз жоголгон кыз изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына 2010-жылы туулган Арзыматова Айсезим Данияровнаны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен туугандары кайрылган. Ал 2023-жылдын 26-апрелинде Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы далысына чейин, арык денелүү, жүзү жарык.

Кийген кийими: боз-кара свитер, классикалык кара шым, бутунда ак кроссовка.

Урматтуу жарандар! Арзыматова Айсезим Данияровнанын жүргөн жери тууралуу маалыматыңыз болсо 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүмү), 0558 86-14-86 (издөө тобу) телефону аркылуу байланышсаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан