Ысык-Көлдө үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 4 мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү жана текшерүү учурунда кармалган браконьерлерден 1 даана үйлөмө кайык, 88 даана “Чабак”, 12 даана “Форель”, 6 даана “Судак” жана 28 даана “Сига” балыктары табылып алынган.
Аталган фактылар Түп районунун Кудургу айылынын аймагындагы көл булуңунда, Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө, Тамга жана Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылдарынын көл жээктеринен аныкталган.
Аталган фактылар Түп, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнө катталып, кылмыш жаза кодексинин 310-беренесинин (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз улоо жана олжолоо) негизинде кылмыш иши козголгон.