Болховск райондук соту өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сатуу аракети үчүн кармалган эки Кыргыз жаранына өкүм чыгарды. Бул тууралуу Орловск облусунун прокуратурасынын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар баңгикурьер милдетин аткарып жүргөн. Алар 2022-жылы июль айында жашыруун жайдан 4 таңгакталган жалпы салмагы 7 килограмм баңгизатты Болховск районунун аймагына мыйзамсыз сатуу максатында алып киришкенде милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Сот алардын ар бирин 14 жылга эркинен ажыратуу менен күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү колониясында жаза өтөөгө өкүм чыгарды.
"Азырынча өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек жана даттанууга болот", - деп жазылат Орловск облусунун прокуратурасынын маалыматында.