Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакова үй-бүлөсү менен чоң программадагы жандуу концерт тартуулайт. Бул тууралуу маалымат алуу үчүн ырчы айымга байланыштык.
"Үй-бүлөлүк концерт берүү идеясы баарыбызга таандык. Концертке жолдошум Ишен, уулдарым Камбар, Эмилбек жана келиндерим Гүлназ, Айсаана болуп жакында эле даярданып баштадык. Концертибиздин негизги өзгөчөлүгү эч кандай минусовка, плюсовка болбойт, рок-группа "Кайрос" менен фольклордук группа "Мурас" группасынын жигиттери "Үркөр" деген топ түзгөн. Аталган топтун жигиттери фольк-рок багытындагы музыканы ойношуп анын коштоосунда кыргыздын чыгармалары жаңырат", - дейт ал.
Белгилей кетсек, аталган үй-бүлөлүк концерт Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 1-2-июнда болот.