"ПСЖ" клубу Лионель Мессинин ордун АПЛдин жылдызы менен толукташы мүмкүн

Франциянын "ПСЖ" футболдук клубу Англиянын "Тоттенхэм" клубунун чабуулчусу Харри Кейнди 100 миллион еврого сатып алышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, франциялык клуб Англия-Премьер-Лигасынын жылдызын Лионель Месси менен алмаштырууну көздөп жатат.

"Кийинки сезонго чабуулчу табуу үчүн Луис Кампос трансфер рыногунда бир нече чабуулчуларды карап жатат. Негизги фавориттердин бири Харри Кейн, клубдун жетекчилиги англиялык футболчуну сатып алууга макул болду", - деп жазылат маалыматта.

Белгиленгендей, париждик клубдун жетекчилиги 100 миллион евро "Тоттенхэмди" чабуулчуну сатууга көндүрө алат деп эсептейт.

Кейн 2011-жылдан бери "Тоттенхэмде" ойноп келет. Анын клуб менен 2024-жылга чейин келишими бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан