Эдирне – ачык асман алдындагы музей

Эдирне – ачык асман алдындагы музей

Саякатыбызды Осмон империясынын үчүнчү борбор шаары Эдирнеден улантабыз. Эдирне – Осмон империясынын үчүнчү борбору. Шаарды Рим императору Адриан негиздеген. 1361-жылы түрктөр шаарды басып алып, аты Эдирне деп өзгөртүлгөн. Бул байыркы шаар кооз мечиттери, базарлары, көпүрөлөрү жана тарыхый имараттары менен өзүнө тартып турат. Эдирне шаарын ачык асман алдындагы музей дешет.

Селимие мечити – ушул типтеги эң бийик имарат

Шаарга киргенде эле бизди Селимие мечитинин керемет мунаралары тосуп алды. Бул архитектор Мимар Синан тарабынан курулган 16-кылымдагы Осмон архитектурасынын өзгөчө курулушу. Мечиттин төрт бийик мунарасы бар, бул ушул типтеги эң бийик имараттардын катарына кирет. Куполдорунда көптөгөн терезелер бар, купол жана ички дубалдар каллиграфия, геометриялык оймо-чиймелер менен кооздолгон. Селимие мечитинин курулушу даңазалуу Сулаймандын уулу Султан Селим IIнин тушуна туура келет. Курулуш алты жылга созулуп, ага 400 уста жана 14 миң жумушчу тартылган.

Эдирнедеги эң "Эски мечит"

Селимиеден чыгып, Эдирненин тарыхый борборундагы эң эски мечит “Эски мечитке” баш бактык. Мечиттин эки мунарасы жана кичинекей куполу бар. Курулуш 1403-жылы Сулайман Челеби тарабынан башталып, 1414-жылы Челеби Мехмет тарабынан бүткөрүлгөн. Бул имарат да ак жана кызыл своддор, укмуштуудай дубал сүрөттөрү жана араб жазуулары менен кооздолгон.

“Үч балкон” мечити мунаралары менен өзгөчө

«Үч балкон» же үч галереялуу мечит 1438-1447-жылдары салынган. Мечиттин өзгөчөлүгү – мунаралары. Анын төрт мунарасы бар жана төртөө төрт башка. Мунаралардын эң негизгисинде үч балкон бар, мечиттин аталышы ушундан келип чыккан. Башка мечиттер сыяктуу эле ички колоннаддын куполдору оюм-чийим менен кооздолгон.

Мимар Синанды деген ким?

Осмон империясынын эң атактуу архитекторлорунун жана инженерлеринин бири, 1538-жылдан баштап Осмон империясынын башкы архитектору жана инженери болгон. Ал көптөгөн кооз архитектуралык объекттерди жараткан. Өмүр жолунда ал 81 мечит, 51 көпүрө, 35 мончо, 18 кербен сарайдын долбоорун иштеп чыгып, курган.

Ашканасы боор менен өзгөчө

Эдирнеде калемпир менен куурулган боорду сөзсүз татып көрүү керек. Мындай даярдалган боорду аны такыр жебегендер да сүйүп калышат. Боор, түркчө жигер, уникалдуу жергиликтүү ыкма менен бышырылат. Жука кесимдерди унга оонатып, кайнап жаткан майга кууруп, кытырак кабыкты пайда кылышат. Боор ачуу жашыл калемпир жана айран менен кошо дасторконго сунулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан