Кочкор районунда уурулукка шектүү 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы 22-апрелде Кочкор районунун тургуну 1978-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында 2023-жылы 22-апрелге караган түнү арыздануучунун үйүнүн маңдайындагы жер төлөдө сакталып турган 100 килограмм тыбытты белгисиз адамдар уурдап, 300 миң сом чыгым келтирилгенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Кочкор районунун тургундары 1999-жылы туулган Б.У., 1994-жылы туулган К.Э. жана 1993-жылы туулган К.К. кармалып, жасаган кылмышын толугу менен моюнуна алган. Алар убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.