Өзбекстандык 30 мигрант Москвадагы кафеге кол салды

Москва шаарынын чыгышындагы "Монро" кафесине түн ичинде Өзбекстандан келген 30 мигрант кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, алар кафеге кирип, имаратты талкалап, кафенин үч кызматкерине кол салышкан. Тагыраагы, кызматкерлердин бирин бычак менен сайып, экинчисин тапанча менен коркутуп, кабыргаларын сындырып, кош бойлуу кызды курсакка тээп, телефондорун уурдап кетишкен. Ушул эле мигранттар буга чейин кафеге кирип, кафенин башка коноктору менен жаңжалдашкан.

Учурда полиция мигранттарды толук кармай элек. Алар шаардан качып кеткен болушу мүмкүн.

Полиция кызматкерлери мигранттарга тиешелүү болгон эки гана унааны аныктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан