Кечээ, 11-май күнү кечинде Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2023-жылдын 11-майында саат 19:48де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында - 3,5 балл, Өзгөн шаарында, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Кара-Дөбө, Шералы, Кароол, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында - 3 балл, Мырза-Аке, Ак-Жар, Большевик, Куршаб, Ничке-Сай айылдарында - 2,5, 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.