"Атымды түбөлүккө унут". Ольга Бузова мурунку жолдошунун айыптоосуна жооп берди 

Орусиялык ырчы жана алып баруучу Ольга Бузова мурунку жолдошу футболчу Дмитрий Тарасовдун "калп айтканынан чарчадым" сөзү боюнча билдирүү жасады.

"Чарчадым? Менин атымды түбөлүккө унут. Түбөлүккө. Дима, ажырашканыбызга 7 жыл болду, сен такыр тынчтана албай койдуң. Өкүнүчтүүсү, сенин бир гана өтүмдүү активиң бул мурунку аялыңды эстөө. Бул тема боюнча суроолор менин жеке катыма толуп кетти. Мен кандай болсо дагы өткөнүмдү сыйлайм. Өзгөртүүгө мүмкүн болбогон нерселерге кантип өкүнөсүң? Өткөн күндөр - бүгүнкү күн менен келечектин пайдубалы. Ансыз келечек жок", - дейт ал.

Эске салсак, Дмитрий Тарасов жакында берген маегинде тележылдыз менен ажырашуусу тууралуу "Ольганын пиар үчүн калп айтканынан чарчадым" деп айткан.

Белгилей кетсек, Ольга Бузова менен Дмитрий Тарасов 2012-жылы баш кошуп, 2016-жылы ажырашып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigitaliev95
2023-05-12 14:40:00
Ольга Бузованын бизге жана элге эмне кызыгы бар Жаныл
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан