Түркиядагы президенттик шайлоо: Эрдогандын атаандашы үч күн калганда талапкерлигин алып салды

Түркиянын президенттигине талапкер Мухаррем Инже шайлоого үч күн калганда талапкерлигинен баш тартканын жарыялады. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, "Memleket" партиясынын төрагасы билдирүүсүндө президенттик шайлоодон баш тартканын жарыялаган. Мухаррем Инже ага каршы каралоо кампаниясы башталганын белгилеген.

"Мен ар бир үй "Memleket" партиясына добуш беришин каалайм. Мен президенттик шайлоодон талапкерлигимди алып жатам", - деген ал.

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майда өтөт.

Эми Эрдогандын шайлоодогу негизги атаандашы оппозициядагы Кемал Кылычдароглу болмокчу. Шайлоого “Ata” альянсынан талапкер Синан Оган да катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан