Оштогу куралдуу карактоо: Милиция билдирүү жасады

Ош шаарында куралдуу карактоого шектүү топ кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагындагы акыркы мезгилдеги катталган каракчылык фактыларынын баары ачылды.
Анын ичинде каракталган 3 миллион 600 миң сом фактысы жана Кара-Суу районунун аймагында болгон куралдуу карактоого аракет жасоо дагы фактысы бар", - деп билдиришти Ош ШИИБден.
Ошондой эле шаардык милиция бир нече адамдан турган куралдуу топ кармалганын, далил буюмдар алынганын билдирди.
Бул боюнча толугураак маалымат кийинчерээк берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан