Актриса Мээрим Атантаева казактардын театрында Жамийланын ролун аткарат (фото)

Актриса Мээрим Атантаева Казакстандын театрында коюла турган "Жамийла" спектаклинде башкы каармандын ролун аткарат. Бул тууралуу актриса Instagram баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, спектакль бүгүн, 12-майда Казакстандагы Аскар Токпанов атындагы Жамбыл облустук драма театрында болот.

"Эң көп берилген суроолорго жооп берейин. Менин сөздөрүмдү эске албаганда спектакль толугу менен казак тилинде болот. Спектакль Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып, өзгөчөлүгү башкы каарман улуу жазуучунун эне тилинде сүйлөгөндүгүндө. Дал ушул себептен Кыргыз актрисасы чакырылды", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Мээрим Атантаева "Курут", "Жетикс", "Кыялкэштер", "Город героев", "Супер кудалар" жана бир катар сыйлыктарга татыган "Мунабия" тасмасына менен "Идентификация" аталышындагы орус сериалына тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан