Ош шаарында мыйзамсыз иштетилген казинонун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"2023-жылы 27-апрелде тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюн жайынан 327 миң сом акча жана 16 персоналдык компьютер табылып алынды. Мындан сырткары, аталган мекеменин жетекчиси Ж.А.дан 597 200 сом, 4 800 доллар, 4 000 рубль жана 4 процессор табылды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда уруксаты жок иштеп жаткан кумар оюн жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда.