Бишкекте дагы бир тиктокер кармалды

Бишкек шаарында расалык, этностук, улуттук, диний аймактар ​​аралык кастыкты козутууга шектүү тиктокер кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 2-майында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда активдүү колдонуучу аныкталган. Анда көрсөтүлгөн аккаунтка талдоо жүргүзүү учурунда колдонуучу бул баракчага системалуу түрдө улуттар аралык кастыкты козутууга, ошондой эле жарандардын улутка болгон мамилесине карата кемсинтүүнү пропагандалоого багытталгандарды жайгаштырып турганы аныкталган.

Анын баракчасы колдонуучулар арасында кеңири талкууну жаратып, өлкө аймагында улуттар аралык чыр-чатакка алып келиши мүмкүн болгон карама-каршылыктарды жараткан.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Topcubai
2023-05-12 15:39:00
Каныбек акыры кармалыптыр да.
0
MAKALAK
2023-05-12 15:50:00
Оппа кесип салгыла
0
bratanyn
2023-05-12 20:57:00
Ушуга окшогон кем акыл тиктокчуларды чекеден камаса экен.
0
Alina1984
2023-05-13 06:15:00
Ырас эле кармалыптыр !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан