Кантта үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан өспүрүм талаадан табылды

Кант шаарында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан спүрүм шаарга жакын жердеги талаадан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 10-май күнү милицияга арыз менен Кант шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Д.З. аттуу жаран кайрылган. Арызында ал 29-апрель күнү саат 22:00 чамасында 2006-жылы туулган Р.Э. аттуу баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факт Ысык-Ата РИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2006-жылы туулган Р.Э. Кант шаарынын талаасынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан