
Нарында издөөдө жүргөн жаран алдамчылык фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы 27-апрелде Нарын шаарынын тургуну А.А. аталган күнү саат 14:50 чамасында соода жайында ал жок кезде кызы А.Б. дан белгисиз жаран алдоо жолу менен атасынын атын айтып кызынан 12 500 сом акча каражатын алып кеткендигин билдирип милицияга арыз менен кайрылган.
Аталган факт Нарын ШИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам териштирүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун тургуну 1993-жылы туулган М.А. кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иштерин жасап жүргөн.
Ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районунун соту тарабынан 2023-жылы 30-январда шектүү жогорудагы берененин негизинде башка жака кетпөө жөнүндөгү бөгөт коюу чарасы камак түрүндө өзгөртүлүп, издөө жарыяланган.
Мындан тышкары шектүүгө карата Нарын облусунун Кочкор районунан ушундай эле кылмыш иштерине шектүү делген 5 арыз келип түшкөн.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Жогорудагы жарандан жабыр тарткандар болсо 0500 031 513 жана 0777 031 515 номуруна байланышсаңыз болот.