Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Урмат Самаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Президент Садыр Жапаров буйрукка кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, Урмат Самаев мэр болуп 2021-жылдын августунан бери иштеп келген.

Ал ушул жылдын апрель айынын аягында шаардын жылуулук берүү мекемесиндеги коррупцияга шектелип, 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилген деп кармалган.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен Самаев 1-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Бирок бир күндөн кийин шектүү үй камагына чыгарылган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, 25 миллион сом компенсация төлөп бергени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан