Ош шаарында аялды бычак менен сайып, андан соң тоноп кеткен деген шек менен жаран кармалды. Бул туурасында бүгүн, 11-декабрда ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Ош шаарынын Атабаев көчөсүндө жашаган И.М. аттуу аялдын үйүнө жашы 40-45 чамасындагы эркек киши кирип, үй ээсин бычак менен сайып, тагынып жүргөн сөйкө, шакек жана башка зер буюмдарын тоноп кеткен.
Милиция кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде кылмышка шектелип 42 жаштагы Шавкат кармалган. Ал мурун да бир нече жолу сот жообуна тартылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.