Боом капчыгайында беш күн катары менен таш кулатуу иштери жүргүзүлөт

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана билдиргендей, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында 15-19-май күндөрү жүргүзүлөт.

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан аталган күндөрү саат 09:00 - 15:00 чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат.

Жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан