Бишкекте биринчи айымдын катышуусунда “Виват, Рояль!” фестивалынын гала-концерти өттү

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында “Виват, Рояль!” фестивалынын гала-концертинин ачылышы өттү.

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан иш-чаранын ачылышына биринчи айым Айгүл Жапарова катышты.

Гала-концертте көрүүчүлөргө алдыңкы дүйнөлүк музыканын тандалмаларынан тартып, коомчулукка белгилүү, кыргыз композиторлору менен катар дүйнөлүк классикалык чыгармалар аткарылды.

Фестиваль фортепиано искусствосун өнүктүрүү жана жайылтуу максатын көздөйт.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу музыкалык окуу жайлардын окуучулары, студенттери жана бүгүнкү күндө Москва шаарында окуп жаткан студенттер, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген пианисттер мугалимдери менен биргеликте катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан