Швециялык ырчы Лорин "Евровидение-2023" сынагынын жеңүүчүсү болду

Швециялык ырчы Лорин "Евровидение-2023" ыр сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу жекшемби күнү, 14-майда белгилүү болду.

Көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Швеция 583 упайга ээ болду. Экинчи орунда 526 упай менен Финляндиянын аткаруучусу Кяария болду. Үчүнчү орунда 362 упай алган израилдик ырчы Ноа Кирел турат.

Лорин буга чейин 2012-жылы да Евровидениенин жеңүүчүсү болгон.

Быйыл аталган конкурс Украинада өтүшү керек эле, себеби былтыр украиналык Kalush Orchestra тобу жеңген болчу. Бирок уюштуруучулар коопсуздук маселесинен улам Англияда өткөрүү чечимин кабыл алган. Бул жылы Орусиядан катышуучу катышкан жок. Анткени өткөн жылдын февралында бул өлкөнү сынакка катышуудан четтетүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан