Жалал-Абаддын Базар-Коргондун Карача айылында турак үйлөрдү сел каптады. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Маалымдалгандай, 14-майга караган түнү саат 02:30дар чамасында катуу жаан жаап, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылындаАт-Кол чегинен түшкөн суу агындылары арыктан ашып, 15 турак үйдүн короосун каптаган.
Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жеринде тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле айыл өкмөттүн тийиштүү адистерине тазалоо иштери боюнча тапшырмалар берилген.