Бүгүн, 14-майда Түркияда эл 13-президентин жана жаңы парламентти шайлоо үчүн добуш берип жатышат.
Түркиялыктар бул күнү президентти жана 600 депутаттуу парламентти шайлашат.
Президентикке үч талапкер ат салышууда: учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган, оппозициячыл алты партиядан турган "Элдик альянс" коалициясынан Кемал Кылычдароглу жана “Ататүрчүлөр альянсынан” чыккан Синан Оган.
Белгилүү болгондой, өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана иштеп жатат.
Бул күнү ичимдиктер сатылбастыгы, кафелер иштебей турганы, ал эми тойлорду өткөрүүгө саат 18:00дөн кийин уруксат берилери айтылды.