Садыр Жапаров менен биринчи айым Бишкектеги соода борборлорунун бирине барды (фото)

Президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги Asia Mall соода борборуна барды. Бул тууралуу аталган соода борбордун Инстаграмдагы баракчасында айтылат.

"Бүгүн Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен чогуу Asia Mall`дун коногу болушту", - деп айтылат соода борборунун расмий баракчасында.

Социалдык желеге тараган сүрөттөрдөн мамлекет башчысы жана биринчи айым элдер менен бирге тез татым жайларынын биринде түштөнүп, алар менен баарлашып отургандыгын көрүүгө болот.

"Азия Моллдун" коноктору президент жана биринчи айым менен сүрөткө түшүүгө да үлгүрүшкөн.

Кыргызстандын президентин жубайы менен Бишкектеги соода борборлорунун биринен байкашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан