Биз социалдык тармакта

Эмгек министрлиги: "Жумушсуздардын саны 2,5 пайызга кыскарды"

Быйылкы жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча республикада иш менен камсыз болгондордун саны 2537,9 миң адамды, ал эми жумушсуздардын саны 142,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча катталган жумушсуздардын саны 2,5 пайызга, ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,5 пайызга кыскарган.
"Буга калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш-аракеттеринин арты менен жетишилди. Мисалы, чакан бизнес ачууга 100 миң сом берүү, «Эмгек үчүн тамак-аш/акча» долбоорлорун ишке ашыруу жана эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптерге окутуу иш-чаралары өз үзүрүн берүүдө.
Натыйжада республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,9 пайызын түздү", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Белгилүү болгондой, жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mir.mir
2023-05-15 12:52:00
Бут тентип мигрант болуп журсок кыскарат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан