"Евровидение" ыр сынагын эки ирет жеңип тарых жараткан Лориндин бейнеси

Швециялык ырчы Лорин "Евровидение" ыр сынагынын тарыхында аталган сынакты эки жолу жеңген биринчи аял болуп калды. Жөнөкөй марокколук эмигранттардын үй-бүлөсүнөн чыккан Лорин Швециянын учурдагы эң популярдуу ырчыларынын бири. Анын бала чагы, чыгармачыл жолу жана жеке жашоосу тууралуу кеп кылалы.

Лориндин толук аты-жөнү Лорин Зинеб Нора Талхауи. Ал 1983-жылы 16-октябрда Швециянын Стокгольм шаарында төрөлгөн. Болочоктогу жылдыздын ата-энеси Мароккодон Швецияга көчүп келген мусулман-эмигранттар. Лорин окуй турган куракка жеткенде ата-энеси менен Вестерос шаарына көчүп келип, балдар спектаклинде башкы ролдорду ойноп, сахнага алгачкы кадамын таштай баштаган.

Ырчы 12 жашка чыкканда атасы каза болуп калат. Лорин 7 бир туугандын улуусу болгондуктан эрте эле өз алдынча болууга көнөт.

Ал 2004-жылы Idol аттуу долбоорго катышып, Швецияга таанымал боло баштайт. Бирок Лорин күтүүсүздөн ырчылыктан алыстап, өлкөсүндөгү борбордук телеканалдарынын биринде долбоорлордун алып баруучусу жана продюсери кызматын аркалай баштайт. Жыйынтыгында анын жетекчилиги астында үч долбоор эфирге чыгат.

2011-жылы Лорин "My heart is refusing me" аттуу ыры менен сахнага кайтат. Аталган ыр "Melodifestivalen" долбооруна "Евровидение" ыр сынагына катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, ырчынын кыялы ишке ашпай, ийгилик башка ырчыга жылмаят.

2012-жылы "Melodifestivalen" долбооруна "Euphoria" ыры менен катышат. Аталган ыр өз элинин 670 миң реккорддук добушун алып, Баку шаарында өтө турган "Евровидение-2012" сынагына катышуу мүмкүнчүлүгүн алат. Бирок бул күрөштүн башталышы гана болот. Себеби, продюсерлер афроамерикалыктар европалык сынактарда чанда гана жеңишке жетишерин айтышып, ырчыга имиджин өзгөртүүнү сунуш кылышкан. Ал бул сунушка макул болуп, сынакта өзгөчө имиджи жана бийи менен чыккан.

28 жаштагы Лорин 372 добуш менен башка катышуучуларды артта калтырып, "Евровидение-2012" сынагынын жеңүүчүсү аталат. Анын ыры, номердин коюлушу, аткаруусу, ырдын текстти Европанын түрдүү сыйлыктарына ээ болгон. "Euphoria" чыгармасы Швеция, Австрия, Бельгия, Финляндия, Норвегия, Испания, Швейцария жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн музыкалык чарттарынын сап башынан түшкөн эмес.

Өз мекенине таанымал жана популярдуу ырчы катары кайтып келген Лорин дароо эле дебюттук альбомунун үстүнөн иштей баштайт. Беш айдан кийин "Heal" аталышында альбому жарык көрүп, Европанын бардык музыкалык дүкөндөрүндө сатыла баштайт.

Лорин 2023-жылы дагы бир ирет "Евровидение-2012" ыр сынагындагы ийгилигин кайталады. Тактап айтканда, анын "Tattoo" ыры 583 балл менен баарын артта калтырып, Швецияны аталган сынакта жетинчи ирет жеңүүчү кылган. Ал бул жеңиши менен мекенине хрусталь микрофонду гана эмес, келерки жылы бул сынакты өткөрүү укугун берди.

39 жаштагы Лорин 2004-жылы Idol долбооруна катышып жүргөндө Даниэль Линдстрем аттуу ырчы менен мамиле курат. Бирок түгөйлөр үч жылдан кийин эки жолго түшкөн. Андан соң ырчы америкалык журналист Кит Лоус менен мамиледе экени айтылган, бирок бул маалымат тастыкталган эмес.

Маектеринин биринде Лорин жалгыздыкка көнүп калганын айткан. Ал сыяктуу күчтүү адам үчүн жеке жашоосун жөнгө салып, жар табуу кыйын экенин белгилеген. Талхауинин айтымында, ал адамдын келбетин эмес, жан дүйнөсүн сүйөт. Дал ушул себептен ырчыга сүйүктүүсү аялбы же эркекпи айырмасы жок. Ал бул жообу менен журналисттер жана күйөрмандары шекшип келген бисексуалдык ореантациясын ырастаган.

Ырчы айым 2017-жылы имиджин өзгөртүп баарын таң калтырган. Себеби буга чейин узун чач менен жүргөн Лорин чачын кыска кылып, ачык кийине баштаган.

Лорин музыкалык карьерасынан сырткары, саясий активист катары белгилүү. Азербайжанда аялдардын укугун коргогон көптөгөн уюмдарга барып, Беларуста саясий туткундардын аялдары менен расмий жолугушуу өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан