
Токмоктогу Дача-1 айылында каналга түшүп кеткен 7 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
13-май күнү милиция кызматкерлери Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан. Анда алар 7 жашар бала дайынсыз болуп жатканын айтып, көмөктөшүүнү суранган.
Каналга түшүп кетиши мүмкүн деген божомол менен издөө иштерине өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 кызматкер, ИИМден 16 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.
Ал күнү издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес.
Кечээ, 14-май күнү издөө иштерин улантууга Токмок шаардык жана Чүй районунан 15 куткаруучу, 47 милиция кызматкери жана 50 жаран, атайын шаймандар жана 2 дрон менен чыгышкан.
Изделип жаткан баланын сөөгү саат 8:30дар чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт автоунаасынын 55-чакырымында Чу суусунда Дунларов көпүрөсүнө жакын аймактан куткаруучулар тарабынан табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.