Алматы шаарынын "Кайрат" клубунун оюнчусу Арсен Буранчиев "Актөбө" клубуна каршы оюнда оор жаракат алып, ооруканага түштү.
Ал "Актөбө" клубунун оюнчусу менен кагылышып, оюн талаасында эс-учун жоготкон.
"Арсен Буранчиевге операция жасалды. Топ үчүн күрөштө оюнчубуз оор жаракат алып, тез арада ооруканага жеткирилген. Учурда Арсен жандандыруу бөлүмүндө. Анын абалы өтө оор деп бааланууда. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө. "Кайрат" клубунун жана Казакстандын футбол федерациясынын жетекчилери ооруканада жана керектүү жардамдарды көрсөтүүдө. Арсенге кабатыр болуп, тезирээк сакайып кетишин каалайбыз!", - деп Алматы клубунун басма сөз кызматы расмий билдирүү жасады.
Белгилей кетсек, Арсен Буранчиев кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкуловдун мурдагы командалашы. Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубунан ушул жылдын май айында кеткен.