Биз социалдык тармакта

Ленин округу боюнча шайлоо: Эки талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ленин округу боюнча талапкерлигин койгон эки талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Төмөнкү эки талапкер №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө буга чейин берген өз арыздарын чакыртып алышты:

Кадралиев Асылбек Мэлсович (талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген датасы: 2.05.2023-жыл.)

Медеров Азамат Медерович (талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берген датасы: 4.05.2023-жыл.)

Муну менен Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгондордун саны 30га кыскарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан