Жайыл райондук электр тармактарынын мурдагы башчысы кармалды

Чүй облусунун Жайыл райондук электр тармактарынын мурдагы башчысы Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Чүй облусунун Жайыл РЭТнын мурдагы жетекчиси Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т. кармалды. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Жайыл РЭТнын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жарандардан электр иштерин жүргүзүү үчүн системалуу түрдө ири суммадагы акча каражатын алып, жеке максаттарына пайдаланып, Жайыл РЭТнын негизги каражаттары жана инвентардык баалуулуктары негизсиз коротулганы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Мурдагы жетекчи Т.А.Б. жана башкы инженери Ж.М.Т.нын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 1 миллион 32 миң сом ири зыян келтирилип, алар тарабынан толук өндүрүлдү.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка күнөөлүү адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан