Москва районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы 11-майда милицияга Петровка айылынын тургуну 1954-жылы туулган Д.А.нын жансыз денеси өз короосунда табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип Петровка айлынын тургун 1983-жылы туулган Ч.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү маркумдун жээни болгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кылмыш жасаган учурда мас абалында болгон. Анын айтымында, ал таякесине болгон эски таарынычтардын эстеп кеткен.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.